Киши cover
Latest available episode 16. Фатима • Fatima Ready to listen
0:00 13 min 39 s

18 Episodes

16. Фатима • Fatima

Бул эпизод ырчы жана аткаруучу Фатима Султанова жөнүндө болмокчу. Ал өзүнүн жан дүйнө дабышына кантип кулак сала баштаганы жөнүндө айтып берет.

15. Улан • Ulan

Улан бул эпизоддун каарманы. Ал ишеними жашоосунда кандай багыт берип келатканын айтып берет. Өз ишенимиңиз жөнүндө айтып бергиңиз келсе, мага байланышсаңыз болот https://t.me/aelmurat

14. Асел • Asel

“Киши” подкасты кайрадан ободо! Кезектеги эпизоддо бахаи коомунун өкүлү Асел өз ишеними жөнүндө ой бөлүшөт. Подкаст жакса, дос-тааныштарыңыз менен да бөлүшүп коюңуз. Өз ишенимиңиз жөнүндө айтып бергиңиз келсе, мага байланышсаңыз болот https://t.me/aelmurat

13. Болот, Айбек | Bolot, Ajbek

Ушуну менен Кыргызстандагы дин жана ишеним эркиндигине арналган 2-сезонду жыйынтыктайбыз. Бул сезондун акыркы эпизодунда эки мейманым өз ишеними жөнүндө ой бөлүшөт. Сиз дагы тутунган диниңиз же карманган ишенимиңиз жөнүндө айтып бергиңиз келсе,...

12. Карагат | Qaragat

Бул эпизоддо Карагат менен таанышасыз. Ал өз жашоосундагы буддизмдин ордун жана маанисин түшүндүрүп берет.

11. Кайырбек | Qajyrbek

Бүгүнкү чыгарылышта Кайырбектин окуясы менен таанышасыз. Ал өз жашоосундагы машаякчылыктын орду жөнүндө айтып берет.

10. Нурбек, Эрмамат | Nurbek, Ermamat

Бул эпизоддо эки мейманым бар. Бири Нурбек. Ал ислам динин тутунуп жашоого Саид Нурси аттуу ойчулдун эмгектери салым кошкону жөнүндө ой бөлүшөт. Экинчиси Эрмамат болсо бир мусулман катары бул жашоодо башкы максаты...

9. Айчүрөк | Ajchürök

Бул чыгарылышта Айчүрөк агностицизмдин өз жашоосундагы маанисине токтолот.

8. Рухидин | Ruhidin

Кыргызстандагы дин жана ишеним эркиндигине арналган 2-сезон башталды. Бул сезонду Рухидиндин окуясы менен ачабыз. Ал “Кришна аң сезими боюнча эл аралык коому” (ISKCON) деп аталган диний уюмдун окуусу жөнүндө айтып берет.

2-сезон. Трейлер

“Киши” подкастына куш келиңиз! Экинчи сезонду баштоо алдында турабыз. Бул сезон Кыргызстандагы дин жана ишеним эркиндигине арналат.